Волейбол жана үстөл тенниси боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды


  • 2022-02-11

Университеттин академиялык жана административдик кызматкерлери арасында уюштурулган кышкы XII “Ден соолук” спорт оюндарынын волейбол жана үстѳл тенниси боюнча мелдештеринин жыйынтыгы чыгарылып, алдыңкы жеңүүчү командалар аныкталды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин факультеттеринин, жогорку мектептеринин жана башкармалыктарынын академиялык жана административдик кызматкерлеринен түзүлгөн командалардын ортосунда өтүп жаткан XII “Ден соолук” спорт оюндарынын волейбол жана үстөл тенниси мелдештеринде алдыңкы орундарга татыган үч команда аныкталды. Бул тууралуу маалыматты спорт илимдери факультетинин деканы Канат Жанузаков билдирди.

 

Волейбол боюнча жеңүүчү командалар:

1-орун “Кѳк-Жал” командасы (башкы катчылык)

2-орун «Достук» командасы (туризм факультети, гуманитардык факультети, айыл чарба факультети)

3-орун – «Коммуникация» командасы

 

Үстѳл тенниси боюнча жеңүүчү командалар: (кыз-келиндер арасында)

1-орун «Биримдик» командасы (табигый илимдер факультети)

2-орун – «Манас жаштары» командасы (ден соолук, маданият жана спорт башкармалыгы)

3-орун «Достук» командасы

 

Үстѳл тенниси боюнча жеңүүчү командалар: (эркектер арасында)

1-орун «Спартак» командасы (маалымат технологиялар башкармалыгы, инженердик факультети, студенттердин иштери боюнча башкармалыгы)

2-орун “Кѳк-Жал” командасы

3-орун «Курулуш» командасы (курулуш иштери башкармалыгы)

 

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү