Памуккале университетинин ректору КТМУда


  • 2022-02-15

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Түрк кеңешинин башкы катчысынын орун басары Султан Раевдин чакыруусу менен Кыргызстанга келген Памуккале университетинин ректору, профессор Ахмет Кутлухан Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде болду.

Иш сапары менен келген Памуккале университетинин ректору, профессор Ахмет Кутлухан КТМУнун окумуштуулар жыйынына катышты. Анда университеттин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев профессор Ахмет Кутлухандын “Манас” университетин зыярат кылып келишине кубанычта экенин билдирип, учурда Түркияда иш сапары менен жүргөн ректор Алпаслан Жейландын саламын айтты.

Жыйында Памуккале университетинин ректору Ахмет  Кутлухан ѳз сѳзүндѳ Кыргызстанда курула турган Имам Серахси комплексине Памуккале университетинин Ислам илимдер институту тарабынан илимий-усулдук жактан колдоо кѳрсѳтүүгѳ даяр экенин билдирди.

Жыйындын соңунда Кыргыз-Түрк “Манас” жана Памуккале университеттери ортосунда эки тараптуу кызматташуу жѳнүндѳгү келишим түзүлдү.

 

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү