КТМУ менен КТРК кызматташуу келишимине кол койду


  • 2022-02-17

17-февралда Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Коомдук телерадиоберүү корпорациясы кызматташуу тууралуу келишимге кол койду.

КТРКда өткөн жолугушууда алгач мамлекеттик телеканалдын студиялары менен таанышуу жүрүп, мекеменин ишмердүүлүгү боюнча маалымат берилди.

Кол коюу аземине аталган мекеменин башкы директору Кайрат Иманалиев, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, коммуникация факультетинин деканынын м.а., профессор Мехмет Сезай Түрк, ошондой эле аталган факультеттин окутуучулары, доценти Молдосейит Мамбетакунов, Мээрим Артышева жана "Медиа Манас" борборунун мүдүрү Бүлент Намал катышты.

Келишимде университеттин коммуникация факультети жана "Медиа Манас" борбору менен КТРКнын кызматташуусунун улантылышы, студенттердин практикадан өтүүсү, биргелешкен мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды уюштуруу, кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу, коммуникация факультетинин студенттери тарабынан даярдалган телеберүүлѳрдү жана тасмаларды КТРКда көрсөтүү, ошондой эле КТРКнын "Медиа Манас" борборунун телекөрсөтүү студияларын пайдалануусу сыяктуу маселелер камтылган.

Аземде Кайрат Иманалиев окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаевди «Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Отличниги» медалы менен сыйлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө окуу жай менен КТРКнын кызматташуусунда жакынкы убакта өткөрүлө турган иш-чаралар да талкууланды.

Белгилей кетсек, КТМУнун коммуникация факультетин бүтүргѳн ийгиликтүү медиа адистер КТРКда жана Кыргызстандагы алдыңкы медиа уюмдарда иштеп жатышат. Студенттер университет тарабынан түзүлгѳн кеңири мүмкүнчүлүктөр жана факультеттин квалификациялуу окутуучулары менен байланыш тармагында жогорку билим алышат. Ошондой эле студенттер университеттин медиа борбору "Медиа Манас", «Манас FM» радиосу жана “Манас каналы” телестудиясында профессионалдык чѳйрѳдѳ практикадан ѳтүү мүмкүнчүлүгүнѳ ээ.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4054-manas-niversitesi-le-krgz-devlet-televizyonu-arasnda-protokol-mzaland.html

http://mediamanas.kg/uploads/posts/2022-02/1645120357_3b952da6-bdd2-43e1-8438-20a894667bb6.jpeg

    Социалдык медиада бөлүшүү