Манаста окуу программалары жаңыланууда


  • 2022-02-16

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуу программалары жаңыланууда. Жаңылануу планы студенттерге сапаттуу билим берүү, заман талабына жараша креативдүү, компененттүү кадрларды ѳстүрүү, коомдук жана кесиптик турмушка эффективдүү даярдоо максатын кѳздѳйт.

2022-жылдын 16-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ЖОЖго карата мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жаңыланышы менен программаларды иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөр башталып, окуу бөлүмдөрүндө түзүлгөн программаларды иштеп чыгуу комиссияларына эл аралык критерийлердин алкагында билим берүүнү өнүктүрүү маселелери боюнча семинар өткөрүлдү.

Семинарда профессор Режаи Доган, профессор Күршад Йылмаз жана доцент Эркан Эфилти; программалык компетенцияларды жазуу, курстардын планын түзүү жана программаны иштеп чыгууда кайсы принциптерди эске алуу керектиги боюнча баяндама жасашты.

Университеттин Окумуштуулар кеңеши тарабынан түзүлгөн окуу программаларын кайра карап чыгуу жана өнүктүрүү комиссиясынын төрагасы, профессор Режаи Доган  университеттин эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – замандын талабына жооп берген бүтүрүүчүлөрдү тарбиялоосу экенин баса белгиледи.

Программаны иштеп чыгуу боюнча изилдөөлөрдү мүмкүн болушунча тезиреек ишке ашыруу максатталган.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4056-manasta-retim-programlar-yenileniyor.html

http://mediamanas.kg/uploads/posts/2022-02/1645167138_32de62d0-bd3a-481f-991c-70a6aee2a06b.jpeg

    Социалдык медиада бөлүшүү