Турнирдин жеңүүчүлѳрүнѳ сыйлыктар тапшырылды


  • 2022-02-21

2022-жылдын 21-февралында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Сергек жашоо жана спорт оюндары” турниринин жеңүүчүлѳрүн сыйлыктар жана ыраазычылык баракчалары менен сыйлоо аземи болуп өттү.

Жабык спорт комплексинде өткөрүлгөн иш-чарага университеттин окуу иштери боюнча проректорлору, профессор Анварбек Мокеев жана профессор Мустафа Орчан, ректордун кеңешчилери, профессор Ахмет Беше жана профессор Серхат Бурмаоглу жана окутуучулар катышты.

Иш-чарада спорттук турнирдин алкагында өткөрүлгөн волейбол, тогуз коргоол, үстѳл тенниси жана шахмат боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды ээлеген командаларга сыйлыктар тапшырылды.

Быйыл XII жолу өтүлѳ турган турнирдин жеңил атлетика, футбол, волейбол жана таяк тартыш боюнча мелдештери май айында өткөрүлөт.

Университеттин түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында спорт илимдери факультети тарабынан уюштурулган турнир быйыл «Спорт ден соолуктун жана достуктун булагы» деген ураан менен өтүүдө.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4062--spor-oyunlar-dl-treni.html

http://mediamanas.kg/uploads/posts/2022-02/1645448885_photo5231419125040003531.jpg

    Социалдык медиада бөлүшүү