Студент алмашуу программасы менен студенттер окууга жѳнѳтүлдү


  • 2022-02-18

2022-жылдын 18-февралында Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Түркиянын Сивас Жумхуриет университетинин ортосундагы кызматташтыктын алкагында теология факультетинен 2021-2022-окуу жылынын жазгы семестринде Түркияга 5 студент, Ош шаарына 3 студент окууга жөнөтүлдү.

Иш-чарага университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, теология факультетинин деканынын орун басары, профессор Кемал Полат, окутуучулар жана студенттер катышты.

Мевлана академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү программасынын алкагында билим алууга жѳнѳтүлгѳн студенттерге жетекчилик тарабынан жылуу сөздөр, каалоо-тилектер айтылды/

Сивас Жумхуриет университети 1974-жылы ачылган Түркиядагы 13-университет болуп саналат. Окуу жайда 47 000 жергиликтүүү жана 2500 чет элдик студенттер билим алышат.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/uploads/posts/2022-02/1645487582_8d002e53-92fd-41ec-a470-e8196410731c.jpeg

http://mediamanas.kg/4064-deiim-program-rencileri-dualarla-uurland.html

    Социалдык медиада бөлүшүү