Карьера күнү


  • 2022-02-24

Үстүбүздѳгү жылдын 24-февралында КТМУнун гуманитардык факультетинин педагогика бѳлүмүнүн окутуучусу жана үзгүлтүксүз билим берүү борборунун жетекчиси, доцент Эркан Эфилти Кыргыз-Түрк «Анадолу» мектебинин окуучулары менен жолугуп, «Карьера күнү» баарлашуу иш-чарасына катышты.

Иш-чарада доцент Эркан Эфилти Кыргыз-Түрк «Манас» университети тууралуу маалымат берип: «Кесип тандоо ар бир адамдын жашоосундагы маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Андыктан окуучуларга кесип тандоодо туура багыт берип, жол кѳргѳзүү биздин милдет», -деди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4079-do-dr-efiltinin-kariyer-gn-syleisi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү