Илимий басылмалардын электрондук каталогу жаңыланды


  • 2022-02-28

Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы тарабынан 2016 жылдан бери жүргүзүп келе жаткан “Илимий басылмалардын электрондук каталогу” 2022-жылдын февраль айында жаңы версияга өткөрүлдү. Бул электродук каталог университетибиз атынан жарык көргөн илимий басылмаларды (макала, конференция докладдары, редакциялык материалдар, китеп бөлүмү ж.б.у.с.) камтыйт. Илимий басылмалар керектүү эрежелер боюнча индекс түрү, темасы, факультети, бөлүмү, маалымат базалары ж.б. жараша классификацияланган. Каталогдо жөнөкөй жана деталдуу издөө, издөө жыйынтыгын филтирлөө, ички бөлүнүш таблицаларды көрүү, ар бир басылманын Google Академиядагы абалын көрүү, басылмага байланышуу, издеп жаткан сөздү YÖK диссертациялар, Aperta, Harman, Tr Dizin, Pubmed маалымат базаларынан издөө процесстерин кылууга болот. Мындан тышкары Окумуштуулардын Scopus, Google Академиядагы басылмаларынын абалын, YÖK Академиялык маалымат системасында катталган макала, долбоор, доклад, китептердин тизмесин көрүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Система 4 тилде иштейт.

“Илимий басылмалардын электрондук каталогуна” китепкана веб баракчасындагы (http://library.manas.edu.kg/) “Электрондук каталог” бөлүмүнөн же бул адрестен кире аласыздар (https://yordam.manas.edu.kg/aea/). Системанын колдонмо көрсөткүчү китепкана веб баракчасындагы “Колдонмо көрсөткүчтөр” бөлүмүндө.

    Социалдык медиада бөлүшүү