ЕККУ Академиясы менен кызматташуу келишими түзүлдү


  • 2022-02-28

Бүгүн, 28-февралда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Академиясы жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети ортосунда эки тараптуу кызматташуу жѳнүндѳ келишими түзүлдү.

Келишимге университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Бишкектеги ЕККУ Академиясынын директору Александр Вольтерс кол койду.

Келишимде окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

Мындан сырткары, Александр Вольтерс окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып, “Медиа Манастын” түз эфиринин коногу болду.

Медиа Манас

https://youtu.be/J0Qtj8T4kGs

https://youtu.be/h_9H3L_aTtI

http://mediamanas.kg/lang-ky/4088-agt-akademisi-le-birlii-protokol.html

    Социалдык медиада бөлүшүү