КТМУнун жаңы проректору дайындалды


  • 2022-03-01

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окуу иштери боюнча жаңы проректору дайындалды.

Үстүбүздѳгү жылдын 1-мартында КТМУда окуу иштери боюнча проректорлук кызматын аткарып келген профессор Анварбек Мокеев кызматын ѳткѳрүп берди. Жаңы проректорлук кызматка экономика жана башкаруу факультетинин доценти Камалбек Карымшаков дайындалды.

Ректоратта ѳткѳн жыйында окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Камалбек Карымшаковго проректор кызматына дайындалгандыгы тууралуу күбѳлүгүн тапшырып, университеттин тѳш белгисин такты. Ошондой эле профессор Анварбек Мокеевге кѳп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн “Манас” университетинин атынан ыраазычылык баракчасы тапшырылды.
 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4095-do-dr-karmakov-rektr-yardmcs-olarak-atand.html

    Социалдык медиада бөлүшүү