ОшМУнун окутуучулары иш сапары менен келишти


  • 2022-03-04

Үстүбүздѳгү жылдын 3-4-мартында кызматташуу максатында ОшМУнун ѳкүлдѳрү: теология факультетинин деканы, доцент Зайлабидин Ажимаматов, тарых факультетинин деканы, доцент Сабыр Арстанов, кыргыз-түрк бөлүмүнүн башчысы, доцент Нуркасим Аркабаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, доцент Ибрахим Арабаев КТМУга иш сапары менен келишти.

Делегацияны университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, доцент Камалбек Карымшаков жана теология факультетинин деканынын м.а., профессор Кемал Полат тосуп алып, жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар окуу процессине байланыштуу окуу программаларын иштеп чыгуу жана жаңылоо, сапатты жакшыртуу жана аккредитация маселелери боюнча пикир алышты.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4110-o-devlet-niversitesi-akademisyenlerinin-ziyareti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү