Азыктар жарманкеси ийгиликтүү ѳттү


  • 2022-03-07

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 8-март Аялдардын эл аралык майрамына карата кайрымдуулук тамак-аш азыктары жарманкеси уюштурулду.

Иш-чара 7-март күнү экономика жана башкаруу факультетинин фойесинде ѳтүп, ага университеттин жетекчилери, Түркия элчилигинин жана маалымат каражаттарынын ѳкүлдѳрү, ошондой эле окуу жайдын окутуучулары, студенттери катышты.

 КТМУнун гуманитардык факультетинин, тарых бѳлүмүнүн доценти Незахат Жейландын башчылыгында уюштурулган иш-чарага университет жетекчилиги, башкы катчылык жана коммуникация факультети, “Медиа Манас” борбору, ошондой эле Түркия Республикасынын элчилиги, Түрк Кызматташтык жана Координаця Агенттиги (ТИКА), Түркия Түрк тилин үйрөтүү борбору (TTÖMER), Кыргыз-Түрк “Анадолу” кыздар кесиптик лицейи, «Маариф» билим берүү борбору, Кыргыз-Түрк Анадолу лицейи, Бишкек түрк башталгыч мектеби, Имам Хатип орто мектеби колдоо кѳрсѳтүп, салым кошту.

Жарманкеде кыргыз жана түрк ашканасынын даамдарды сатыкка коюлду. Андан  түшкөн каражат Бишкек шаардык онкологиялык балдар ооруканасына жана жардамга муктаж студенттерге жумшалат.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4117-ktmde-gda-kermesi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү