ÖSYM башчысы КТМУга келди


  • 2022-03-10

Манаста ѲТОБ (ÖSYM) сынактары улантылат.

2022-жылдын 10-мартында Түркия Республикасынын Ѳлчѳѳ, тандоо жана жайгаштыруу борборунун башчысы, профессор Халис Айгүн Кыргыз-Түрк “Манас” университетине иш сапары менен келип, ректор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө ÖSYM жана КТМУнун кызматташтыгын кеңейтип иш алып баруу пландары талкууланды.

Белгилей кетсек, КТМУда мурунку жылы ÖSYM сынактары токтотулуп, сынактар былтыр ALES аркылуу улантылган. Бул жылы КТМУда YÖKDİL жана ALES сынактары да өткөрүлөт.

Маалымат: Университетке кирүү сынактарын борбордоштурулган тест системасы менен алган бул уюм – Ѳлчѳѳ, тандоо жана орноштуруу (жайгаштыруу) Борбору (түркчө ÖSYM) деп аталат. Бул борбор Түркия Республикасынын Жогорку Билим Берүү Кеңешинин (YÖK) чечими менен 1982-жылы курулган.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4130-sym-bakan-manasta.html

    Социалдык медиада бөлүшүү