“Манаста” алгачкы жолу ЖБКнин тил сынагы ѳттү


  • 2022-03-13

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде биринчи жолу Түркия Республикасынын Жогорку Билим берүү комитетинин тил сынагы өткөрүлдү.         

Сынак ѳткѳн күнү Түркия Республикасынын Ѳлчѳѳ, тандоо жана жайгаштыруу борборунун башчысы, профессор Халис Айгүн жана университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан сынактын жүрүшүнѳ байкоо салышты.

Cынакка жалпы 118 киши катышты. Сынак учурунда санитардык жана социалдык эрежелер толук сакталды. Халис Айгүн мырза сынактын жыйынтыгы 2022-жылдын 29-мартында жарыяланарын билдирди.

Белгилей кетсек, КТМУда мурунку жылы ÖSYM сынактары токтотулуп, сынактар былтыр ALES аркылуу улантылган. Бул жылы КТМУда YÖKDİL жана ALES сынактары да өткөрүлөт.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4139-manasta-lk-ykdl-snav-yapld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү