“Достук” ооруканасынын кызматкерлери “Манаста”


  • 2022-03-12

Университетте Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын кызматкерлери үчүн сый тамак уюштурулду.

Окуу жайдын жетекчилигинин чакыруусу менен уюштурулган иш-чарага ÖSYM башчысы. профессор Халис Айгүн, Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын башкы дарыгери, доцент Мете Хыдыроглу, башкы катчынын м.а., доцент Октай Өзгүл, ректор кеңешчиси, экономикалык жана башкаруу факультетинин деканынын м.а. Серхат Бурмаоглу, ошондой эле университеттин жана оорукананын кызматкерлери катышты.

Кечки тамак чакан концерттик программа менен коштолду.

Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасынын башкы дарыгери Мете Хыдыроглу университеттин чакыруусуна ыраазычылык билдирип, окуу жай менен оорукананын ортосундагы бекем достук байланыш жана кызматташтык үзгүлтүксүз улана береерин белгиледи.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4141-dostluk-hastanesi-mensuplaryla-buluma.html

    Социалдык медиада бөлүшүү