Мугалимдер “Билим берүүнүн мыкты” тѳш белгиси жана Ардак грамота менен сыйланышты


  • 2022-04-14

Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муунду окутуп-тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн гуманитардык факультетинин 4 ага окутуучусу: Салтанат Мамбаева, Чолпон Сыдыкова, Гүлнур Жумалиева жана көркөм өнөр факультетинин ага окутуучусу Таалайкүл Ташмамбетова “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды.

Ушундай эле эмгеги үчүн коммуникация факультетинин ага окутуучусу Абды Сатаров Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды.

Окутуучуларга сыйлыктарды үстүбүздѳгү жылдын 14-апрелинде университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев тапшырды.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4246-eitim-bakanlndan-manasl-akademisyenlere-dl.html

    Социалдык медиада бөлүшүү