Футбол федерациясы менен КТМУ кызматташууга макулдашты


  • 2022-04-14

2022-жылдын 14-апрелинде Кыргызстандын футбол федерациясынын президенти Медербек Сыдыков жана федерациянын башкы катчысы Нурдин Букуев Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келип, окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуу боюнча сүйлѳшүштү.

Жолугушуудан кийин федерациянын президенти М.Сыдыков университеттин ректоруна Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын формасын белек кылды. Ошондой эле ректор Алпаслан Жейланда  федерациянын ѳкүлдѳрүнѳ окуу жайдын атынан белек тапшырды.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4247-futbol-federasyonu-bakan-manas-ziyaret-etti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү