“Шамбала” тасмасы дагы 5 сыйлыкка татыды


  • 2022-04-06

http://mediamanas.kg/lang-en/4250-ambalaya-5-dl-daha.htmlКоммуникация факультетинин ага окутуучусу, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүковдун “Шамбала” тасмасы дагы 5 сыйлыкка татыды.

Түркиянын Стамбул кинофестивалында “Эң мыкты фильм”, “Эң мыкты баян”, “Мыкты оператор” – Акжол Бекболотов, Мурат Алиев, “Эң мыкты жаш актер” – Артур Аманалиев, “Мыкты сценарий” номинациялары боюнча жеңүүчү аталды.

Ушуну менен “Шамбала” кѳркѳм тасмасы эл аралык кинофестивалдардан алган жалпы 29 сыйлыктын ээси болду.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4250-ambalaya-5-dl-daha.html

    Социалдык медиада бөлүшүү