Кыргыз балын таанытууга колдоо кѳрсѳтүү


  • 2022-04-13

2022-жылдын 13-апрелинде университеттин илимий өндүрүштүк багытындагы кызматташуунун алкагында окуу жайдын окутуучулары «Аман-Гринфуд” компаниясына барып келишти.

Жолугушууда «Манас» университетинин ѳкүлдѳрү Кыргызстандагы бал-аарычылык ишкерлигин өнүктүрүүгѳ жана кыргыз балын дүйнөлүк стандартка ылайык ѳндүрүүдѳ илимий жактан колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жыйынга ишкананын башчысы Алы Кадырович, ректор кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а, профессор Серхат Бурмаоглу, үзгүлтүксүз билим берүү борборунун мүдүрү Эркан Эфилти, технологиялар трансфери бѳлүмүнүн координатору, доцент Азамат Максудунов, айыл чарба факультетинин окутуучусу Нурлан Маматов жана инженердик факультетинин окутуучусу Руслан Адил Акай Тегин катышты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4255-krgz-bal-manas-niversitesi-araclyla-uluslararas-standartlarda-retilecek.html

    Социалдык медиада бөлүшүү