Мектеп окуучулары ректоратта мейманда болушту


  • 2022-04-22

Түркиянын Улуттук эгемендик жана балдар майрамы жылдагыдай эле быйыл да ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.

23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо майрамдык иш-чаралардын алкагында мектеп окуучулары университеттин ректору, профессор  Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев менен жолугушту.

Жолугушууга Бишкектеги Түрк мектебинин окуучулары Фейза Денизжи, Асена Дулкадир жана Зехра Чам келишти. Майрамдык салтка ылайык окуучулар ректор жана биринчи проректордун иш кабинетинде иш ордуна отурушуп, Ататүрктүн дүйнөлүк балдарга арнаган 23-апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамы үчүн ыраазычылык билдиришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4286-ocuklar-rektrlk-makamnda.html

    Социалдык медиада бөлүшүү