Балдарга кубаныч тартууланды


  • 2022-04-22

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин социалдык жоопкерчилик жаатындагы маанилүү бѳлүгүнүн бири - ѳзгѳчѳ кѳңүл бурууга жана жардамга муктаж балдарга кам кѳрүү болуп саналат. 23-апрель Улуттук эгемендүүлүк жана балдарды коргоо күнүн утурлай “Манас” университети Токмок шаарындагы Республикалык борбордук нерв системасы жана психикасы бузулган балдар интернатына салтка айланып калган кайрымдуулук колдоосун кѳрсѳттү.

Гуманитардык факультетинин тарых бѳлүмүнүн доценти Незахат Жейландын жетекчилигинде интернатка барган окуу жайдын окутуучулары жана студенттери тарабынан балдарга суусундук-таттуулар берилип, майрамдык программа тартууланды жана балдар шоусу кѳрсѳтүлдү.

Кѳңүлдѳрү кѳтѳрүлгѳн балдар майрамдык маанай үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4289-ocuk-evi-ziyaret-edildi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү