Универсиада оюндарында КТМУ 3-орунду ээледи


  • 2022-04-26

Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын арасында өткөрүлгөн “Универсиад - 2022” спорт оюндарында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттеринин курама командасы 39 университеттер катышкан мелдештерде, 3-орунду жеңип алды.

Жеңүчүүлѳрдү куттуктоо салтанаты 2022-жылдын 26-апрелинде Кожомкул атындагы спорт сарайында ѳттү. Ага университеттин проректору К.Карымшаков жана спорт илимдери факультетинин деканы К.Жанузаков катышты.

Студенттер волейбол, баскетбол, стол тенниси, самбо, тогуз коргоол жана шахмат боюнча күч сынашып, 3-орунга татыктуу болушту.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4295-manas-niversite-oyunlarnda-nc-oldu.html

    Социалдык медиада бөлүшүү