Бак отургузуу ѳнѳктүгүнѳ студенттер да активдүү катышууда


  • 2022-04-26

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин «Жашыл келечек» долбоорунун негизинде Ч.Айтматов атындагы кампусунун айланасын жашылдандыруу максатында башталган Түрк дүйнөсү ботаникалык бакчасына бак отургузуу ѳнѳктүгүнѳ окуу жайдын студенттери да активдүү катышууда.

Үстүбүздѳгү жылдын 26-апрелинде туризм факультетинин студенттери Түрк дүйнѳсүнүн ботаникалык бакчасына бак-дарактын көчөттѳрүн университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен бирге отургузушту.

Бак-дарактар жер планетасынын ѳпкѳсү, таза абанын башкы булагы экенин түшүнгѳн жаштар көчөт отургузуу иштерин мындан ары да улантышаарын жана мындай иш-чараларга университеттин жетекчилиги менен бирге катышуу кубаныч тартуулаганын билдиришти.

Медиа Манас

    Социалдык медиада бөлүшүү