Ректор Кыргыз радиосунун “Башат” программасынын коногу болду


  • 2022-04-26

Бүгүн, 26-апрелде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз радиосунун “Башат” программасынын коногу болду.

Уктуруу Кыргыз радиосу жана “Манас ФМ” радиосунун түз эфиринде берилди.

Программада Түрк дүйнѳсүнүн, тектеш элдеринин ынтымагы, биримдиги жана келечеги, ошондой эле билим берүү, илим жана маданият, глобализм, маданияттар диалогу, улуттук иденттүүлүк темасынын тегерегинде маек курулду.

Ректор радио угармандарга кыргыз жана түрк элинин ортосундагы бир туугандык, боордоштук жана тилектештиктин негизинде түзүлгѳн “Манас” университетинин 25 жыл ичиндеги тарыхы жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Ал “Кыргыз-Түрк “Манас” университети Түркиянын билимге жана адамзатка жасалган эң чоң инвестициясы экенин, окуу жайда 13 ѳлкѳдѳн  6025ге жакын улуттун жаштары билим алып жатканын, ошондой эле учурда 11 факультет иш алып барып жана жакынкы арада 12-факультет болгон медицина факультетинин ачылышы күтүлүп жатканын айтып, ар бир факультеттин Кыргызстанга жана коомго пайдасы тие турган ѳз орду бар экенине токтолду. Мындан тышкары “Манас” университети Түрк дүйнѳсүнүн жаштарына эл аралык стандартта кеңири мүмкүнчүлүктѳрдү тартуулоо менен эң мыкты деңгээлде билим берип эле тим болбостон, келечекке максат кылып койгон бир катар долбоорлордун үстүндѳ үзүрлүү эмгектенип жатканын баса белгиледи.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4299-ktrk-radyosu-rektr-ceylan-konuk-etti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү