«Кыргызфильм» киностудиясы менен кызматташууга кол коюлду


  • 2022-04-28

2022-жылдын 28-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультети менен Тѳлѳмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын ортосунда эки тараптуу кызматтташуу келишими түзүлдү.

Келишимге коммуникация факультетинин деканы Мехмет Сезай Түрк жана «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын директору Акколтой Бекболотов кол койду.

Келишим Түркиянын кинематография тармагында иш алып барган мекемелер менен биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу үчүн «Кыргызфильм» киностудиясына колдоо көрсөтүү, студенттерге «Кыргызфильм» киностудиясында стажировкадан өтүү мүмкүнчүлүгүн берүү сыяктуу көптөгөн маселелер боюнча кызматташууга шарт түзөт.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4314-krgz-film-stdyosu-le-birlii.html

    Социалдык медиада бөлүшүү