Башкы катчы Султан Раев “Манаста”


  • 2022-04-28

2022-жылдын 28-апрелинде ТҮРКСОЙДУН башкы катчысы Султан Раев Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келип, окуу жайдын жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууда С.Раев ТҮРКСОЙдун башкы катчылык кызматына киришкендеги Кыргызстанга болгон иш сапарынын алгачкы жолугушуусу “Манас” университетине болуп жатканын жана Кыргызстандагы эң алдыңкы жогорку окуу жайы менен кызматташуу чоң сыймык экенин баса белгиледи.

Ал эми окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев С.Раевди ТҮРКСОЙдун башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, университетке келишин кубануу менен кабыл алышканын билдиришти.

Жыйында тараптар кызматташуу боюнча келишимге кол коюшту.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4318-trksoy-genel-sekreteri-sultan-rayev-manasta.html

    Социалдык медиада бөлүшүү