“Манаста” Орозо айт майрамы белгиленди


  • 2022-05-02

Рамазан айы аяктап, окуу жайда Орозо айт майрамы белгиленди. Орозо айт мусулмандар үчүн өзгөчө майрам. Майрамга байланыштуу кесиптик жогорку мектебинин бакчасында 1-майь күнү КТМУнун кызматкерлери үй-бүлѳлѳрү менен чогулуп, бирге майрамдашты.

Теология факультетинин Абдулкерим Сатук Буура Хан атындагы мечитинде жүздөгөн адамдардын катышуусунда окулган айт намазынан кийин университеттин жетекчилиги тарабынан миңден ашуун студентке ректордун катышуусунда эртең мененки майрамдык тамак тартууланды.

            Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан КТМУнун кызматкерлерин Орозо айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бейпилчилик каалады:

“Баарыңыздарды бүгүнкү Орозо айт майрамы менен чын дилимден куттуктайм. Орозо айында тилеген аруу тилегиңиздер, ойлогон ой-максатыңыздар ишке ашсын. Кудайдын буйругу экен, баарыбыз Орозо айтыбызды куттуу Кыргызстанда бирге тосуп жатабыз. Алла Таала ар бир үй-бүлѳгѳ, Мекенибизге ынтымак, тынчтык, береке, элибизге сабырдуулук, биримдик, бак-таалай берсин. Орозо айт майрамы бүткүл Ислам ааламына, Түрк дүйнөсүнө жана Манас үй-бүлөсүнѳ кут болсун!», - деди.

Андан кийин окуу жайдын Биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев: “Орозо айт майрамыбыз бүткүл Ислам ааламына куттуу болсун! Кармаган орозолорубузду Аллах кабыл кылып, мамлекетибизде тынчтык, бакубатчылык болуп, ар бир үйдѳн ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторкондо молчулук болсун, Кудай баарыбызга жагымдуу көңүл, жүрөктүн тынчтыгын насип кылсын. Айтыңыздар маарек болсун!”, - деп куттуктады.

Майрамдык сыйтамак үстүндө университеттин кызматкерлери бири-бирин Орозо айт майрамы менен куттукташып, каалоо-тилектер айтышты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4322-manas-ailesinin-bayram-kutlamas.html

 

    Социалдык медиада бөлүшүү