КТМУ "Issyk-Kul ITF 2022" туристтик көргөзмө-жарманкесине катышты


  • 2022-05-14

Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган эл аралык Ысык-Кѳл ITF-2022 туристтик жарманкесине катышты.

Өлкөбүздүн  туристтик потенциалын кеңейтүү жана чет элдик туристтерди тартуу максатында Чолпон-Ата шаарынын “Рух Ордо” маданий борборунда ѳткѳн кѳргѳзмѳ-жарманкеге “Манас” университети, Түркиянын Бишкектеги элчилиги, Маданият жана таанытуу боюнча кеңешчиси, Улуттук билим берүү министрлигинин карамагындагы мектептер, Бурса шаардык мэриясынын өкүлдөрү, ТҮРКСОЙ жана ТИКАнын өкүлдөрү катышты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  төрагасы Акылбек Жапаров жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов Түркиянын жана “Манас” университетинин стенддерин көрүштү.

Окуу жайдын стендинде меймандарды окуу иштери боюнча проректору Камалбек Карымшаков, туризм факультетинин туризм жана меймаркана иштетүү бөлүмүнүн башчысы Мустафа Мурат Кызанлыклы, “Медиа Манас” борборунун директору Бүлент Намал, туризм факультетинин илимий кызматкери Ибрагим Гүндогду, ошондой эле студенттер тосуп алышты.

Жарманкеде Түркиянын жана “Манас” университетинин стенддери чоң кызыгуу жаратып, окуу жайдан билим алгысы келген көптөгөн жаштар университет тууралуу кенен маалымат алышты.

Көркөм түрк кол өнөрчүлүгү, “Манастын” студенттеринин көргөзгөн өнөрлөрү жергиликтүүлөрдүн кызыгуусун арттырды.

Түрк дүйнөсүнүн 2022- жылдагы маданий борбору болгон Бурса шаардык мэриясы жибек куртунун кокондорунун жипке айланышын чебер сүрөтчүлөрдүн чагылдыруусунда көрсөтүп, “эбру” өнөрү, шаары, ашканасы менен тааныштырды.

Жарманкеге Осмон доорунан калган, өзгөчө кийими менен катышкан Түркиянын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доганга Акылбек Жапаров: “Осмон империясын сиздей баатырлар түптөгөн” -деген  жылуу пикирин айтты. Ал эми түрк элчиси А. Жапаровго түрк ашканасынын салттуу таттууларынан ооз тийгизди. Аны менен катар эле А.Жапаровго жибек куртунун пилласын жипке айландыруу, “эбру” искусствосу менен жоогазын жасоо, айнек-керамикалык буюмдар көрсөтүлдү.

Иш-чаранын расмий ачылыш аземинде элчи Садык Доганга “ишенимдүү өнөктөштүк” жана “ийгиликтүү кызматташтык”, ошондой эле “мыкты стенд дизайны” сыйлыктары тапшырылды.

Өлкөнүн  7 дубанынан келген өнөрпоздорду камтыган бул масштабдуу жарманкеге  Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери, маданий бирикмелери, туристтик компаниялар, туроператорлор жана туризм тармагында иш алып барган башка уюмдар да катышты.

 Алыскы аймактардан келген катышуучулар тиккен чатырларда жана ачык талаада өлкөнүн жергиликтүү ашканасынын маданияты, кийимдери, кол өнөрчүлүгү жана искусствосу, белгилүү инсандары, жаратылышы жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылып, салттуу спорттук оюндар, элдик бийлер, этникалык  бийлер, кол өнөрчүлүк боюнча мастер класстар ​​жана белгилүү артисттердин катышуусунда концерттик программа өткөрүлдү.

Медиа Манас

https://youtu.be/pivGqc2KhPw

http://mediamanas.kg/4342-manas-niversitesi-issk-gl-uluslararas-turizm-fuarnda-tantld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү