Манаста кош майрам


  • 2022-05-17

2022-жылдын 17-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде салттуу жаз майрамына карата карьера күнү менен түрк элинин негиздѳѳчүсү Мустафа Кемаль Ататүрктү эскерүү, спорт жана жаштар майрамы уюштурулду.

Салтка айланган жаз майрамы кыргыз боз үйүндө манасчы Самат Көчөрбаевдин “Манас” эпосунан үзүндү айтуусу жана жер эненин тилектери, аластоо жана чачыла чачуусу менен башталды.

Бул жарманке ЖОЖдордун бүтүрүүчүлѳрүнѳ ишке орношууга жардам берүүгѳ жана ѳз ара тыгыз кызматташууга багытталган иш-чара. Мында жаштар жумуш орду менен камсыз болуусуна шарт түзүлѳт.

Куттуктоо сѳзүндѳ биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев иш-чарага катышып жаткан компаниялардын өкүлдөрүнө, уюштуруучуларга ыраазычылыгын билдирип, жаштарды майрамы менен куттуктады.

Ал эми окуу-жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан төмөнкулөргө токтолду: “Келечегибиз жаштардын колунда. Учурда биздин бүтүрүүчүлөр дүйнөнүн 45 өлкөсүндө эмгектенип жатышат. Биздин максат келекчекте бул сандарды дагы 100гѳ жеткирүү, тагыраагы жаштар үчүн дүйнѳнүн ар бир өлкөсүнүн эшигин ачып берүүгѳ мүмкүнчүлүк түзүү. Бүгүнкү иш-чаранын дагы максаты студенттерибизге жумуш орундарын таап берели деп жатабыз”-деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө окуу жайда февраль айынан бери уланып келе жаткан спорттук мелдештердин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөргѳ сыйлыктар тапшырылды. Ататүрктү эскерүү күнү 41-жолу белгиленип жатканын эске салган спорт илимдери факультетинин деканы, профессор Канат Жанузаков спорт оюндарына студенттер, академиялык жана административдик кызматкерлер жигердүү катышканын белгилеп, байгеге ээ болгон командаларды куттуктады.

Карьера жарманкесинде Кыргызстанда белгилүү компаниялардын өкүлдөрү келип, өздөрүнүн өндүрүмдөрүн тааныштыруу менен бирге студенттерге иш орундарын сунуштап жатышты. Программанын жабылуу аземинде университеттин ректору иш-чаранын уюштуруучулары менен катышуучуларына ыраазылыгын билдирди, ал эми көрүүчүлөр көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бѳлүмүнүн студенттери даярдаган майрамдык концертке күбө болушту.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4351-manasta-bahar-enlii-okusu.html

    Социалдык медиада бөлүшүү