Туризм факультети Өзбекстанга саякат уюштурду


  • 2022-05-12

2022-жылдын 2-9-май күндөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин туризм факультетинин саякат иши жана гид кызматы бөлүмү Өзбекстанга саякат уюштурду.

Бул маданий сапарга катышкандар Жибек Жолунун эң маанилүү пункттарынын бири болгон Өзбекстанды көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Саякат учурунда ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген өлкөнүн эң кооз жерлерине барышты, кылымдар бою соодагерлер менен саякатчылардын уюгу болгон Самарканд шаарын кыдырышты.

Легендарлуу Бухара шаары, ачык асман алдындагы музейге айланган Хива, түрк-монгол лидери Амир-Тимур төрөлгөн Себз шаары, тарыхый имараттар, сепилдер, мечиттер, медреселерде да болушту. Өзбекстандын көптөгөн кооз жерлери менен таанышкан студенттер сапардан эстен кеткис элестер менен кайтышты.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4359-turizm-fakltesi-zbekistana-kltr-gezisi-dzenledi.html

    Социалдык медиада бөлүшүү