Кютахья Думлупынар университети менен кызматташуу келишими түзүлдү


  • 2022-05-20

Үстүбүздѳгү жылдын 20-майында Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Кютахья Думлупынар университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишимге Кютахья Думлупынар университетинин ректору, профессор Касым Уйсал жана КТМУнун биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев кол койду.

Тараптар биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды, илимий изилдѳѳлѳрдү жана долбоорлорду уюштуруу багытында кызматташат.

Жолугушууда биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев учурда Түркияда иш сапары менен жүргѳн окуу жайдын ректору Алпаслан Жейландын жолдогон саламын айтты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4362-ktahya-dumlupnar-niversitesi-le-birlii.html

    Социалдык медиада бөлүшүү