Сельчук Байрактар кыргыз элине жана “Манас” университетине салам жолдоду


  • 2022-05-18

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев “Байкар” технологиясынын жетекчиси Сельчук Байрактар ​​менен жолугушту.

Түркиянын Босфор университетинде ѳткѳн жолугушууда Сельчук Байрактар Түркстанга, Кыргызстанга, жалпы эле кыргыз элине болгон сый-урматын билдирип, жакшы тилегин арнады. Ошондой эле “Манас” университетинин эмгек жамаатына салам жолдоду.

Жолугушууда окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк дүйнөсүнүн жаштары үчүн үлгү болгон Сельчук Байрактарды жаштар менен жолугушууга жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде TEKNOFEST уюштуруу үчүн окуу жайга чакырды.

Ректор: «Сельчук Байрактар ​​мырза өлкөбүздү учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу технологиясында дүйнөлүк лидер кылды. Бул Түркиянын жогорку технологияларды өнүктүргөн өлкөлөрдүн катарына кирүүгө мүмкүндүк берди. Ал биздин цивилизациянын илим жана техника менен байланышын калыбына келтирүүдѳ. Жаштар арасындагы жогорку технологияларга болгон умтулуусун ойготууга үлгү болгон Сельчук Байрактар мырзаны окуу жайыбызда жаштар менен бирге кѳрүү биз үчүн чоң сыймык жана кубаныч болот”, -деди.

Ал эми биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев ѳз сѳзүндѳ Түрк дүйнөсүнүн жаштарынын өзүнө ишенип умтулган, алдыга карай чоң ийгиликтерге жетишүүсүнө багыт берген Азиз Санжар, Сельчук Байрактар ​​сыяктуу илимпоздордун жасаган эмгегинин баасын баса белгиледи.

Белгилей кетсек, Сельчук Байрактар Түркиянын биринчи жергиликтүү өндүрүштүк учкучсуз учак системасынын архитектору жана дүйнѳнүн алдыңкы инженерлеринин бири. Ал Байкар Байрактар ​​TB2, Baykar Defence компаниясынын техникалык директору жана T3 фондунун Камкорчулар кеңешинин төрагасы.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4371-seluk-bayraktardan-krgzistana-ve-manas-ailesine-selam.html

    Социалдык медиада бөлүшүү