Битлис Эрен университети менен кызматташуу


  • 2022-05-22

Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Битлис Эрен университети ортосунда  кызматташуу тууралуу келишимине кол коюлду.

Кол коюу аземине Битлис Эрен университетинин ректору, профессор Нежметтин Элмасташ жана окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан, ошондой эле  Чанаккале 18 Март университетинин ректору, КТМУнун Камкорчулар кеңешинин мүчѳсү, профессор  Седат Мурат да катышты.

Келишим студент жана окутуучу алмашуу, кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу, биргелешкен эл аралык илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Жолугушуунун соңунда тараптар эки окуу жай ортосунда түзүлгѳн келишим жакшы жыйынтыктарды берет деген ишенимдерин билдиришти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4372-bitlis-eren-niversitesi-le-protokol-mzaland.html

    Социалдык медиада бөлүшүү