Элчи Ахмет Садык Доган КТМУда


  • 2022-05-24

2022-жылдын 24-майында Түркиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Ахмет Садык Доган Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келип, окуу жай менен жакындан таанышып кетти.

Элчи Ахмет Садык Доганды университеттин биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев, проректор, профессор Мустафа Орчан, проректор, доцент Камалбек Карымшаков жана башкы катчы, доцент Октай Ѳзгүл тосуп алышты.

Элчи мырзага КТМУнун тарыхы, ишмердүүлүгү жана жетишкендиктери тууралуу маалымат биринчи проректор Асылбек Кулмырзаев тарабынан берилди жана Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча ичинде чакан экскурция уюштурулду.

Ал окуу жайдын факультеттери, материалдык техникалык базасы, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары, археологиялык-этнографиялык музейи, КТМУ-ТИКА өнөктөштүгү менен түзүлгөн айыл чарба факультетинин күнөсканасы, кѳркѳм ѳнѳр факультетинин устаканалары, «MEDIAMANAS” медиа борбору, жана университеттин академиялык жана административдик бѳлүмдѳрүн кыдырып таанышып чыкты жана студенттер менен баарлашты.

Мындан тышкары элчи “Медиа Манастын” түз эфиринде конок болуп, радио угармандарга элчилик кызматына киришкенден берки жасаган иштери жана Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы карым-катнаштары тууралуу кыргыз жана түрк тилинде маек курду.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4381-bykeli-doan-ktmy-ziyaret-etti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү