Теология факультетинин студенттери балдарга кѳңүлдүү эс алуу тартуулашты


  • 2022-06-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин студенттери Балдарды реабилитациялоо жана социалдаштыруу борборунун 35 тарбиялануучусун университетке чакырып, кѳңүлдүү эс алуу тартуулашты.

Тарбиячылары менен келген балдарга алгач кыш бакчасында түрдүү таттуулар, андан соң белектер берилди. Балдар сынактарга, оюн-зоокторго катышып кызыктуу убакыт өткөрүштү.

Абдулкерим Сатук Буура Хан атындагы мечитине зыярат кылып жатып, 14 жаштагы орус улутундагы Никита Муртазаев Ислам динин кабыл алганы кубанычтуу кабар болду.

 

Медиа Манас: http://mediamanas.kg/lang-tr/4406-lahiyat-fakltesi-rencileri-kimsesiz-ocuklar-arlad.html

    Социалдык медиада бөлүшүү