Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү эң мыкты 1422 университеттин катарына кирди


  • 2022-06-09

Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 1422 университеттин ичинде 801-орунга ээ болду. Ошентип, Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү университеттердин дүйнөлүк рейтингине кирген Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз университет болуп калды. Буга чейин Кыргыз-Түрк “Манас” университети 2019-жылдан тарта QS регионалдык рейтингинде (Чыгыш Европа жана Борбордук Азиядагы жогорку окуу жайлардын рейтинги) акыркы үч жылда өзүнүн позициясын дайыма жакшыртуу менен орунга ээ болуп келген. 
Үстүбүздөгү жылы QS (Quacquarelli Symonds) рейтингинде 2462 окуу жай каралып, алардын ичинен 1422си дүйнөдөгү эң мыкты деп табылган. Бул дүйнөнүн мыкты университеттеринин ардактуу тизмесине Азиядан - 439, Африкадан - 32, Европадан - 483, Латын Америкасынан - 190, Түндүк Америкадан - 232, Океаниядан - 46 жогорку окуу жайлары кирген. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Азия университеттеринин ичинде 245- орунду ээлейт. 
Рейтингде Борбордук Азия мамлекеттеринен Казакстандан – 16 жогорку окуу жайлары көрсөтүлгөн. Кыргыз-Түрк “Манас” университети Борбордук Азияда 11-орунду ээлейт. Рейтингге АКШдан 202, Түркиядан 24, ал эми Россиядан 48 университет кирген. 
QS (Quacquarelli Symonds) (https://www.topuniversities.com) жогорку билим берүүнүн глобалдык секторунда тиешелүү кызматтарды, аналитиканы жана прогноздорду камсыз кылган дүйнөдөгү ири мекемелердин бири болуп саналат. 
QS (Quacquarelli Symonds) университеттерди төмөндөгүдөй критерийлер боюнча баалайт: жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы (Academic Reputation), окуу жайдын жумуш берүүчүлөр арасында аброю (Employer Reputation), окутуучулар менен студенттердин санынын катышы (Faculty/Student Ratio), окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси (Citations per faculty), эл аралык изилдөө тармагы (International Research Network), бүтүрүүчүлөрдү иш менен камсыз кылуунун деңгээли (Employment Outcomes), чет өлкөлүк окутуучулардын үлүшү (International faculty ratio) жана чет өлкөлүк студенттердин үлүшү (International student ratio). 
Эң алдыңкы 10 орунду АКШ, Британия жана Швейцариянын жогорку окуу жайлары алган:
1. Массачусетс технологиялык институту (MIT) - АКШ
2. Кембридж университети – Улуу Британия
3. Стэндфорд университети - АКШ
4. Оксфорд университети - Британия
5. Гарвард университети - АКШ
6. Калифорния технологиялык институту - АКШ
7. Лондон Империал Колледжи - Британия
8. UCL - Британия
9. ETH Zurich - Швейцария
10. Чикаго университети - АКШ

http://mediamanas.kg/lang-ky/4431-kyrgyzsko-tureckiy-universitet-manas-voshel-v-chislo-1422-luchshih-universitetov-mira.html

    Социалдык медиада бөлүшүү