Азербайжандын улуттук-боштондук күнүнѳ карата жыйын ѳттү


  • 2022-06-13

Үстүбүздөгү жылдын 13-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде “Тарых жараткан лидерлер” аталышында жыйын болуп өттү.

Аталган жыйын “15-июнь Азербайжандын улуттук-боштондук күнүнө” карата Азербайжанда жайгашкан Түрк Аксакалдар биримдиги жана Азербайжандын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Түрк Аксакалдар биримдигинин жетекчиси, Жаңы Азербайжан партиясынын ветерандар кеңешинин мүчөсү, медицина илимдеринин доктору, Изилдөө институтунун профессору Элман Насиров, Жаңы Азербайжан партиясынын эл аралык байланыштар комиссиясынын катчысы, Азербайжан Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын Саясий изилдөөлөр институтунун директору, Түрк Аксакалдар биримдигинин мүчөсү, диаспора изилдөөчүсү Элнур Элтүрк, окутуучулар, студенттер жана басма сөз өкүлдөрү катышты.

Элчи Латиф Гандилов тарыхый баалуулуктардын унутулбас бир бөлүгү Гейдар Алиевдин аткарган миссиясы экендигин белгилеп: «Азербайжан Республикасынын Улуу лидери Гейдар Алиев өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып, эгемендүү Азербайжанды жетектеп, элге эркин жашоо мүмкүнчүлүгүн берди. Эл үчүн кылган иштерин эч качан унутпайбыз. Бул себептен биз өзүбүздү ага карыздарбыз деп эсептейбиз. Ректор, профессор Алпаслан Жейлан сиз маанилүү иштерди кылып жатасыз. Сизге жана кыргыз бир туугандарыма ыраазычылык билдирем”,- деди.

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан өз сөзүндө Түрк мамлекеттеринин уюмунун түзүлүшүнүн маанисине басым жасады.

 «Түрк тарыхы үчүн өтө маанилүү жана унутпашыбыз керек болгон бир датага токтолушубуз керек. Ал Түрк мамлекеттеринин уюму Стамбулда курулган 2021-жылдын 12-ноябры. Албетте, бул ишке президенттерибиз чоң күч жумшады. Бул узак жана машакаттуу жол болду. 30 жылдык эмгектин жыйынтыгы десек да болчудай. Карабах жеңиши эки түрк мамлекетинин бир эл болуу ураанын башынан өткөргөн бир мезгил болгон. Эми биздин бир гана тилегибиз алты мамлекеттин бир болуусу”,-деди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4447-manasta-tarih-yazan-liderler-konferans.html

    Социалдык медиада бөлүшүү