Ибн Халдун университети менен КТМУ ортосунда кызматташууга кол коюлду


  • 2022-06-15

2022-жылдын 15-июнунда Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен Түркиянын алдыңкы изилдөө университеттеринин бири Ибн Халдун университети ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Келишим студент жана окутуучу алмашуу, кызматкерлердин кесиптик билимин жогорулатуу, биргелешкен эл аралык илимий, маданий жана спорттук иш-чараларды уюштурууга мүмкүнчүлүк берет.

Келишимге  Ибн Халдун университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ирфан Гүндүз, Ибн Халдун университетинин ректору, профессор Атилла Аркан,  “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан  жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев кол койду.

Ибн Халдун университетинин ѳкүлдѳрү дүйнѳлук университеттер арасында “Манаста” биринчи болуп, Салттуу спорт оюндарынын майданынын ачылышына катышты.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4449-bn-haldun-niversitesi-le-birlikleri-balyor.html

    Социалдык медиада бөлүшүү