ТР Маданият министринин орун басары Ахмет Демиржан окуу жайга келди


  • 2022-06-17

Бишкекте 16-20-июнь күндөрү түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул тууралуу «Жергиликтүү ой пикир» коому билдирди.

Маалыматка караганда, Түрк тасмаларынын 6-жумалыгынын бет ачары «Россия» кинотеатрында өткөрүлөт.

Маданий иш-чара Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин, Түркия Кинематография департаментинин, Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин жана Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин колдоосу менен «Жергиликтүү ой пикир» коому тарабынан уюштурулган.

Түркиянын Маданият жана туризм министринин орун басары Ахмет Мисбах Демиржан жана түрк киносунун атактуу актёрлору Дилек Өзгүр, Сердар Дениз, Желал Ал жана режиссёрлор Файсал Сойсал, Синан Сертел, Өнер Кылыч окуу жайга келип, университеттин жетекчилери жана коммуникация факультетинин студенттери менен жолугушуп, жаштардын бир топ кызыккан суроолоруна жооп беришти.

Окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жолугушууга келген конокторду жылуу тосуп алды.

Белгилей кетсек, Түрк кинолорунун жумалыгы «Арноо – Ыйык күрөш» тасмасы менен ачылат. Иш-чара боордош өлкөлөр Кыргызстан менен Түркиянын кино тармагына көпүрө болот. Бул багыттагы байланыштарды чыңдайт, бекемдейт. Жумалыкта белгилүү режиссерлордун сыйлык алган эмгектери менен катары алардын популярдуу тасмалары да көрсөтүлөт. Ошондой эле, бул мыкты фильмдер аркылуу түрк киносуна сереп салууга “панорамалык” мүмкүнчүлүк түзүлөт.

2022- жылдын 16-20-июнь күндөрүндө Бишкекте өтө турган Түрк тасмалары жумалыгында «Арноо – Ыйык күрөш», «Сүйүү айттырбай келет», «Үнсүз дарак», «Ичимдеги каарман» кинолору жана «Стамбулдун сакчылары» аттуу анимациялык фильмдер акысыз көрсөтүлөт.

Ошондой эле жумалыктын алкагында көрүүчүлөргө түрк киносунун атактуу адамдары менен жолугууга, алар менен баарлашууга, жакындан таанышууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жолугушуу Кыргыз-түрк Манас университетинде болот.

“Иш-жаранын жүрүшүндө Түркиядан келген режиссерлер, актерлер жана продюсерлер менен Кыргызстандык кино актерлору жолугушуп, бирдиктүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Мындай жумалык Кыргызстанда 2014-жылдан бери уюштурулуп келет.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4457-bakan-yardmcs-demircan-manasta-syleiye-katld.html

    Социалдык медиада бөлүшүү