Үстүбүздѳгү жылдын 20-июнунда Стамбул Арель университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Өзгүр Гөзүкара жана делегация мүчѳлѳрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетине иш сапары менен келишти.
Жолугушууда эки университет ортосунда кызматташуу келишими түзүлүп, келешимге университет жетекчилери кол коюшту.
Келишимдин максаты – окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.
Мындан сырткары, Стамбул Арел университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Өзгүр Гөзүкара жана делегация мүчѳлѳрү окуу жайдын факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен таанышып чыгышты жана “Медиа Манастын” түз эфиринде кызматташуу тууралуу маек курушту.
Медиа Манас
http://mediamanas.kg/4462-stanbul-arel-niversitesi-le-birlii-balyor.html