Профессор Мухиттин Шимшек КТМУга келди


  • 2022-06-20

2022-жылдын 20-июнунда Ахмет Йесеви университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Мухиттин Шимшек Кыргыз-Түрк «Манас» университетине келди. Профессор Мухиттин Шимшекти окуу жайдын ректору, профессор Алпаслан Жейлан жылуу тосуп алды жана университеттин факультеттери, илимий-изилдөө жана өндүрүштүк лабораториялары менен тааныштырды.

Мындан тышкары профессор Мухиттин Шимшек “Медиа Манастын” түз эфиринде конок болуп, университеттин жетишкендиктерин, жаңылыктарын угуп абдан кубангандыгын билдирди.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4463-prof-dr-muhittin-imek-ktmy-ziyaret-etti.html

    Социалдык медиада бөлүшүү