«Манас» XXI бүтүрүүчүлөрүн уядан учурду


  • 2022-06-22

Ак жол сага, бүтүрүүчү!

            2022-жылдын 22-июнунда Ч.Айтматов атындагы студенттик шаарчанын ачык асман спорттук аянтчасында 2021-2022-окуу жылынын КТМУнун «Бүтүрүүчүлөрүн уядан учуруу» салтанаты болуп өттү.

1995-жылы Кыргыз жана Түркия Республикалары тарабынан биргелешип түзүлгөн жана өзгөчө статуска ээ болгон эл аралык жогорку окуу жайыбыз 25 жылдын ичинде жалпысынан экономика, тарых, түркология, инженерия, журналистика, туризм тармагындагы 10000ден ашуун адистерди даярдап, турмуш жолуна аттандырган. Университетибиз быйыл 21-бүтүрүүчүлөрүн тагыраак айтканда, ар кандай кесипке ээ болгон  868 бүтүрүүчүнү уядан учуруп жатат.

«Бүтүрүүчүлөрдү уядан учуруу» салтанаты бир канча маанилүү коноктордун катышуусунда өтүп, кечеге Кыргызстандын Маданият, маалымат, туризм жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Түркия Республикасынын Бишкектеги элчиси Ахмет Садык Доган, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Мехмет Давулжу, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев, Стамбул Арел университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Өзгүр Гөзүкара, университеттин профессордук-окутуучулук курамы, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты.

Азем бүтүрүүчүлөрдүн парады менен башталып, эки өлкөнүн гимни ойнолуп, бүтүрүүчүлөр ант беришти.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан ѳзүнүн куттуктоо сѳзүн  бүтүрүүчүлѳргѳ татыктуу билим берген мугалимдерге ыраазычылык билдирүү менен баштады.

“Кымбаттуу бүтүрүүчүлѳр, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер! Жалпыңарды бүгүнкү салтанатуу күн менен чын-жүрѳгүмдѳн куттуктайм!

Мына, бүгүн, бүтүрүүчүлѳрүбүздү куттуу уябыздан учуруп жатабыз. Студенттерибизге акыл-насаатын айтып, татыктуу билим берген кадырлуу эжей-агайлардын эмгеги чоң. Бул ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүүдѳ дүйнѳнүн ѳнүгүшү менен тең тайлашып, заманбап технологиялар менен жабдылып, окутуучу-профессордук курамы күчтѳнүп, 25 жыл ичинде Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайга айланды. Биздин максатыбыз - кадыр-барктуу, эл аралык деңгээлдеги абройлуу жана белгилүү университет болуу жана Түрк дүйнѳсүнүн жаштарына сапаттуу билим берип, ѳз адистигинде эң мыкты, ѳзүнѳ ишенген, орток маданий баалуулуктарыбызды баалай билген, коом алдында жоопкерчиликтүү, чынчыл, абийирдүү, түрк дүйнѳсүнѳ жана дүйнѳлүк илимге салым кошкон жаштарды даярдоо.

Урматтуу бүтүрүүчүлѳр!  Силер Кыргызстандын эле эмес, бүткүл дүйнѳ жүзү боюнча эң мыкты университетти аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жатасыңар. Мындан аркы сапарыңарда ар бир бурулуш ѳзүңѳрдүн  чечимиңерден кѳз каранды болот. Эмгекчил болгула! Силер ѳлкѳбүздүн жүгүн кѳтѳргѳн илимдүү, билимдүү жаштардан болоруңарга толук ишенем. Силер-келечек ээси, жаркын жашоонун жаратуучуларысыңар!

Азыркы заман - билимдүүнүн, жогорку маалыматтык технологиянын, атаандаштыка туруштук бере турган жаратуучулардын жана интеграциянын заманы. Сиздер ушул мезгил менен кошо кадам шилтеп, Кыргызстандын жана жалпы Түрк дүйнѳсүнүн билимдүү, адептүү жана маданиятуу жаштарынан болосуздар деген ишеним чоң.

Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

Биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев университеттин 21- бүтүрүүчүлөрүн жогорку окуу жайды бүткөндүктөрү менен куттуктап, ак жол каалады.

“Бүгүн 21-ирет бүтүрүүчүлөрүбүздү уядан учуруп жатабыз. 25 жыл аралыгында Түрк дүйнөсүнө, жалпысынан 10000ден ашуун адистерди даярдап, мына бүгүн 800дөн ашык бүтүрүүчү кесиптик турмуш жолуна аттанып отурат. Окуу жайыбыз ѳзүнүн миссиясына жараша заманбап билимге ээ, жаңы технологияларды ѳздѳштүргѳн, дүйнөгө көз карашы түз, улуттук жана жалпы адамзаттын баалуулуктарына туура баа берген, потриоттук сезимге ээ адистерди тарбиялап чыгарууда. Биздин бүтүрүүчүлѳрдү дүйнѳнүн бардык жеринен кездештирүүгѳ болот. Алар ѳздѳрүнүн татыктуу иши жана ийгиликтүү турмуш жолу менен Манас атабыздын ысымын жана окуу жайыбыздын кадырын дүйнөгѳ татыктуу таанытып жүрүшѳт. Биз бүтүрүүчүлөрүбүз менен ар дайым сыймыктанабыз. Биздин студенттер достукту бекем туткандыгы, ата-мекенин сүйгѳндүгү, үй-бүлѳ баалуулуктарын баалагандыгы жана иштеген жеринде ѳз милдеттерин так аткаргандыктары менен ѳзгѳчѳлѳнүп турушат. Келечекте ата-энеңердин жана билим берген мугалимиңердин эмгегин актайсыңар деп терең ишенем. Ак жол силерге, кымбаттуу бүтүрүүчүлѳр! Жолуңар ачык болсун ар дайым!

 

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов бүтүрүүчүлөрдү маанилүү күнү менен куттуктады. Ал Кыргыз-Түрк “Манас” университетин бүтүрүү мүмкүнчүлүгүнө ар ким ээ боло бербегенин жана келечекте бүтүрүүчүлөр жашоодогу кыял, максат, мүмкүнчүлүктѳр сыяктуу баалуулуктарды жоготпой, мамлекетке жана элге ак эмгектен кызмат кылуу керектигин баса белгиледи:

“Урматтуу студенттер, алгачкы ийгилигиңер менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Бактыңар бар экен Кыргызстанда эң алдыңкы, эң ийгиликтүү окуу жайды аяктап жатасыздар. “Манас” университети бүгүнкү күндө дүйнөлүк мейкиндикке өзүнүн кесипкөйлүгү, көп багыттуулугу жана чебердиги менен дүйнѳлүк алдыңкы университеттердин катарына кирип отурат. Учурда кѳп кырдуу дүйнѳдѳ силер үчүн бардык мүмкүнчүлүктѳр ачык. Ѳзүңѳргѳ терең ишенип, бийик максаттарга умтулгула. Дал силерден жана силердин күч-аракетиңерден ѳлкѳнүн эртеңки келечеги кѳз кранды.  Билим гана адамды эркин жана бийик кылат. Андыктан алган билимиңер менен келечекте өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошкон, эл үчүн кызмат кылган жаштардан болосуңар деп ишенем. Турмуш жолуңар ар дайым ачык болуп, ийгиликтер коштоп жүрсүн!”, -деди министр.

Андан кийинки иш-чара университеттин алдыңкы үч бүтүрүүчүсүн куттуктоо, ардак тактага университет эң алдыңкысынын атын калтыруу салты менен уланды. Бул күнү өлкөбүздөгү алдыңкы университеттердин алдында бара жаткан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин дипломуна ээ болгон балдары үчүн эне-аталар чексиз кубанычка батып турду. Бүтүрүүчүлөрдүн кечки салтанатын эстрада жылдыздарынын концерти көркүнө чыгарып, салюттар атылып жатты.

«Университеттин эң мыкты бүтүрүүчүсү» номинациясына туризм факультетинин саясат иши жана гид кызматы бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Дильноз Сыдыкова, экинчи орунга экономика жана башкаруу факультетинин эл аралык байланыштар бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Баяман Таалайбеков, үчүнчү орунга табигый илимдер факультетинин биология бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Мээрим Медетбек кызы татыктуу болушту. Андан соң “Университеттин эң алдыңкы бүтүрүүчүсү” деген номинацияга ээ болгон Дильноз Сыдыкова ардак тактага өзүнүн ысымын калтыруу каадасын аткарды. Кече бүтүрүүчүлөргө бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү тапшыруу салтанаты жана белгилүү кыргыз эстрада ырчыларынын катышуусунда даярдалган концерт менен аяктады.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4471-21-dnem-mezunlar-trenle-uurland.html

    Социалдык медиада бөлүшүү