Ректор ТүркПАнын отурумунда сөз сүйлөдү


  • 2022-06-24

2022-жылдын 24-июнунда  Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттикт ассамблеясынын (ТүркПА) жыйынына катышты.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы президенттик конференц-залында өткөрүлгөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Парламентинин спикери Талант Мамытов, Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын спикери Мустафа Шентоп, Азербайжан Улуттук жыйынынын спикери Сахибе Гафарова, Казакстан Парламентинин спикери Ерлан Кошанов жана ТүркПАнын башкы катчысы Мехмет Сүрея катышты.

Иш-чарага ТүркПАга мүчө Кыргызстан, Азербайжан, Түркия, Казакстан мамлекеттери, Венгрия байкоочу катары катышты. Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты арттыруу маселелерин талкуулап, 2023-2028-жылдарга карата ТүркПАнын стратегиялык жол картасын бекитишти. Ошондой эле социалдык ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган бир катар моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды. ТүркПАга төрагалык кылуу милдети Казакстандан Кыргызстанга өтүп, жыйынтыгында Чолпон-Ата декларациясы кабыл алынды.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) отурумунда сүйлѳгѳн сѳзүндѳ:

“Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) эл аралык уюмунун версиясы боюнча дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде эң мыкты 1422 университеттин ичинде 801-орунга ээ болду. Ал эми Түркиядагы ЖОЖдордун арасынан “Манас” университети 7-орунда турат. Биз муну менен токтоп калбай, “Түрк дүйнѳсүнүн санарип жарандыгы” долбоорун иштеп чыктык. Бул долбоор аркылуу 9 өлкөдѳн 90 университеттен 10 миңге жакын жаштар түрк дүйнөсүнүн белгилүү окумуштуу жана лидерлеринен пайдалуу сабактарды алышты. Ошондой эле Орхун алмашуу программасынын негизинде 150 студент жана окутуучу тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ болушту. Кыргыз-Түрк “Манас” университети билим берүүдѳ дүйнѳнүн ѳнүгүшү менен тең тайлашып, заманбап технологиялар менен жабдылып, окутуучу-профессордук курамы күчтѳнүп, 25 жыл ичинде Кыргызстандагы алдыңкы окуу жайга айланды. Биздин максатыбыз - кадыр-барктуу, эл аралык деңгээлдеги абройлуу университет болуу жана Түрк дүйнѳсүнүн жаштарына сапаттуу билим берип, орток маданий баалуулуктарыбыздын негизинде биримдик, ынтымак, достук, тилектештик сезимдерин өз ара айкалыштырып, түрк дүйнөсүнүн цивилизациясы тууралуу түшүнүккө ээ кылуу, өлкөлөрүбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон, эл аралык деңгээлде иштөө жөндөмүнө, жогорку квалификациялуу сапаттуу билимге ээ жана коом алдында жоопкерчиликтүү, чынчыл, абийирдүү жаштарды тарбиялоо.”, - деди.

Университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректору, профессор Асылбек Кулмырзаев “Медиа Манас” медиа борборуна берген маегинде Чолпон-Ата шаарында ТүркПАнын жолугушуусу ѳтүп, анда абдан маанилүү чечимдер кабыл алынып ТҮРКПАнын жаңы баракчасы ачылып жатканын жана Түрк дүйнөсүнүн жогорку окуу жайлары катары “Манас” университети да ѳз салымын кошууга аракет кылып жатканын баса белгилешти.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4475-rektr-ceylan-trkpa-genel-kurul-toplantsnda-konuma-yapt.html

    Социалдык медиада бөлүшүү