КТМУнун окутуучулары Expo-Russia Kyrgyzstan 2022 жарманкесине катышты


  • 2022-06-23

Үстүбүздөгү жылдын 21-23-июнь күндөрү Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин окутуучулары EXPO-RUSSIA KYRGYZSTAN - 2022 жарманкесине катышты.

Бишкектеги Аю-Гранд бизнес борборунда өткөн жарманкеде Орусиянын ар кайсы шаарларынан келген өнөр жай ишканалары стенддерди даярдашты. Анда кагаз, жыгач, тоо-кен, айнек иштетүү, өнөр жай автоматташтыруу сыяктуу тармактарда өнөр жай машиналарын көргөзмөгө коюшту.

Өзгөчө жарманкеде Россиянын алдыңкы университеттеринин стенддерин кыдырган ректордун кеңешчиси, экономика жана башкаруу факультетинин деканынын м.а, профессор Серхат Бурмаоглу, менеджмент бөлүмүнүн бөлүм башчысы, профессор Айшегүл Асуман Акдоган, кесиптик жогорку мектептин директору, доцент Махмут Вурал жана окутуучу Мустафа Өкал эки тараптуу кызматташтык, студент жана окутуучу алмашуу, тажрыйба алмашуу өңдүү темаларда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4479-manasl-retim-elemanlar-expoda-ncelemelerde-bulundu.html

    Социалдык медиада бөлүшүү