КТМУда Курман айт майрамы майрамдалды


  • 2022-07-09

Үстүбүздөгү жылдын 9-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин жалпы жамааты Курман айт майрамын бирге майрамдашып, бир дасторкондон даам сызышты.

Иш-чарада теология факультетинин окутуучуулары тарабынан куран окулуп, жалпы бата кылынды.

Түркияда иш сапары менен жүргѳн университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан байланышка чыгып, КТМУнун жалпы эмгек жамаатын жана Ислам дүйнѳсүн Курман айт майрамы менен куттуктап, тынчтык жана бакубатчылык каалады.

Эртең менен Курман айт намазы Абдулкерим Сатук Буура Хан атындагы мечитинде окулду.

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4506-manas-ailesi-kurban-bayramnn-cokusunu-paylat.html

    Социалдык медиада бөлүшүү