Миңдеген абитуриент «Манас» университетине тапшыруу үчүн күч сынашты


  • 2022-07-17

2022-жылдын 17-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин кирүү сынагы болуп өттү.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2022-2023-окуу жылы үчүн кирүү сынагы 17-июль күнү саат 10.00дө университеттин бардык окуу имаратында ѳттү. Сынакка катышкандардын саны 7500, тагыраак айтканда бир орунга 6-7 студент таймашышты.

Бул жылы КТМУ 1425, ошондой эле Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен да студент кабыл алынмакчы.

Сынак өткөн күнү абитуриенттердин жакындары эртең менен эрте келишип, сынак бүткөнгө чейин университеттин алдында чоң толкундануу менен күтүп жатышты. КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев сынак башталардан мурун университеттин башкы жана Ч.Айтматов атындагы кампусунда жайгашкан окуу имараттарын кыдырып, абитуриенттер жана алардын ата-энелери менен жолугушуп, өз ара маек жүргүзүштү. Анда абитуриенттер кайсы тармакта окуй тургандыктарын жана келечекке болгон көз караштарын, ой-максаттарын тең ортого салышты.

Маектешүү учурунда ректор, профессор Алпаслан Жейлан жана биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев Кыргыз-Түрк “Манас” университети бекер окутканы жана анда коррупциянын жоктугу менен артыкчылыкка ээ, ошондой эле жыл сайын окуу жайга тапшырсам деп дилгирленген абитуриенттердин саны арбын экенин билдиришти.

Белгилей кетсек, Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1422 мыкты университетинин рейтингинде 801-орунду ээледи. Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөлүк абройлуу рейтингдин тизмесине кирген Кыргызстандагы биринчи жогорку окуу жайы болуп калды.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/4511-krgzistanda-manas-sys-heyecan-yaand.html

    Социалдык медиада бөлүшүү