Измир Катип Челеби университети менен кызматташуу келишими түзүлдү


  • 2022-07-18

Үстүбүздѳгү жылдын 18-июлунда Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен Измир Катип Челеби университетинин ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү.

Эки тараптуу кызматташуу келишимине КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, профессор Асылбек Кулмырзаев жана Измир Катип Челеби университетинин ректору, профессор Сафет Көсе кол коюшту.

Жолугушууга эки окуу жайдын жетекчилик ѳкүлдѳрү катышып, жогорку билим берүү системасын өнүктүрүүнүн негизги милдеттери, студенттер менен окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгү, эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктары талкууланды.

Келишимдин максаты – окуу жайлар ортосунда маалымат жана тажрыйба алмашуу, биргелешкен изилдѳѳ иштерин жүргүзүү, студенттердин, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, ошондой эле кызматташтыктын алкагында маданий, илимий иш-чаралар уюштуруу иштери каралган.

 

Медиа Манас

http://mediamanas.kg/lang-ky/4512-zmir-katip-elebi-niversitesi-le-birlii-protokol-mzaland.html

    Социалдык медиада бөлүшүү