2022-2023-окуу жылы үчүн жогорку курстардын студенттерин жатаканага жайгаштыруунун жыйынтыгы


  • 2022-07-26

2022-2023  окуу жылы үчүн жогорку курстагы студенттердин жатакана боюнча төмөнкү маселелерге көңүл бурушу керек.

  • Жогорку курсттагы студенттердин жатаканаларга катталуу мөөнөтүндө (2022-жылдын 30-майынан 27-июнуна чейин он-лайн кайрылуулары) кайрылбаган студенттер жатаканага жайгашуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылып, каттала алышпайт.
  • Арыз берген жана негизги тизмеде орун алган жогорку курстун студенттерин жатаканага каттоо иш-чаралары 2022-жылдын 5-сентябрынан 30- сентябрына чейин жүргүзулөт.
  • Даярдоо курсунда билим ала турган студенттер мурунку жылы катталып, даярдоо курсун ийгиликтүү бүтүрө албай калган болсо, тагыраак айтканда, 2-жолу даярдоо курсун окуй турган болсо (академиялык өргүү алгандардан сырткары), баалоо системасына карабастан жатаканага жайгаштырылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратыган.
  • Белгиленген убакыт арасында келе албаган студенттер Ишеним каттын (доверенность) негизинде ишенген адамы аркылуу каттоодон өтө алышат. Кезек тизмедеги студенттердин каттоосу 04.10.2021 күнү башталат.
  • Жатаканаларга катталууну каалаган ар бир студенттен төмөнкү документтер талап кылынат. Бул документтердин арасында,
  • : Өзгөчө шарттарга байланыштуу студенттерден ашыкча документ суранышы мүмкүн!

СТУДЕНТТЕРДЕН ТАЛАП КЫЛЫНГАН ДОКУМЕНТТЕР:

1.         Студенттик маалымкат (Студенттик иштер бөлүмүндө берилет. Экономика жана башкаруу факультетинин корпусу, 1-кабат. Ал эми даярдоо курсуна келген студенттердин e-mail’ине аталган Студентик маалым кат жөнөтүлгөн. Кайрадан алынбайт. Жөн гана ал Маалым катты принттерден чыгыртып алып келиши керек)

2.         Медициналык маалымкат (Флюорография жыйынтыгын, КТМУ Ден-соолук борборуна алып барып кол койдурушуңуздар керек. Чет өлкөдөн келген студенттер аталган маалым катты өз өлкөсүнөн алып келүүсү алардын кызыкчылыгында)

3.         Депозит (2500 сом) жана турак акысы университеттин банк эсебине которулгандыгы тууралуу банк квитанциясы.

4.         2 фотосүрөт (3 см x 4 см өлчөмүндө)

5.         ID паспортунун көчүрмөсү

6.         2 файл

7.         Мамлекеттик каттоо кызматынан жашаган жеринен маалымкат (выписка) – КР жарандар үчүн

8.        Бардык студенттер кайрылууда көрсөтүшкөн болсо:

•           Ата-энелеринин жарандык абалы жөнүндө документтер (нике, ажырашуу, өлүм)

•           Окуу жайында окуган бир туугандары бар болсо, алардын студенттик маалымкаты

•           Майыптыгы боюнча документтерин каттоо учурунда алып келиши керек.

 

ТУРАК АКЫСЫ: (Белгиленген турак акысы 1 жылдык мөөнөт үчүн көрсөтүлгөн)

 

“A” БЛОК

“B” БЛОК

“C” БЛОК

ДАЯРДОО КУРСУНДАГЫ СТУДЕНТТЕР (2-ЖОЛУ ОКУУГАНДАР ДАГЫ)

---

11.400 СОМ

11.400 СОМ

ЖОГОРКУ КУРСТАГЫ СТУДЕНТТЕР

14.250 СОМ

11.400 СОМ

11.400 СОМ

САБАКТАРЫ МАЙ АЙЫНДА БҮТӨ ТУРГАН СТУДЕНТТЕР (Академиялык календарды караңыз)

12.750 СОМ

10.200 СОМ

10.200 СОМ

АКЫРКЫ КУРСТАГЫ СТУДЕНТТЕР

15.000 СОМ

12.000 СОМ

12.000 СОМ

КЫСКА МӨӨНӨТ ҮЧҮН ТУРАК АКЫСЫ (КҮНҮМДҮК)

150 СОМ

120 СОМ

120 СОМ

Жогорку курс студенттеринин тизмеси (Эркек)

Жогорку курс студенттеринин тизмеси (Кыз)

Жогорку курс студенттеринин резерв тизмеси (Эркек)

Жогорку курс студенттеринин резерв тизмеси (Кыз)

 

    Социалдык медиада бөлүшүү