ЖАТАКАНАДА ЖАШАЙ ТУРГАН СТУДЕНТТЕРГЕ ЭСКЕРТҮҮ!


  • 2022-08-11

Кыргызстанда акыркы убакта COVID-19 илдетине чалдыккан оорулуулардын санынын көбөйүүсүнөн улам жана Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун 14.03.2022 күн жана 06/430 номердүү санитардык эскертүүсүнүн негизинде Жатаканада жашай турган студенттердин төмөндө берилген шарттарды аткаруусу зарыл:

  1. COVID-19 эмдөө сертификатынын болуусу (эмдөөнүн соңку дозасы, акыркы 6 айдын ичинде алынган болушу керек).
  2. Жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 6 айдын ичинде COVID-19 илдетине чалдыккан студенттердин ооругандыгы тууралуу расмий маалым катынын же COVID-19 ПЧР тестинин (ПЦР тести) “бар” (позитивдүү, оң) жыйынтыгынын болушу.
  3. Эмдөөдөн өтпөгөн студенттердин (ден соолугуна байланыштуу эмдөө ала албаган) жатаканага жайгашуу күнүнө чейинки акыркы 72 сааттын ичинде COVID-19 ПЧР тестин (ПЦР тести) тапшыруусу.
    Социалдык медиада бөлүшүү