КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН 2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ


  • 2022-08-16
  КЫРГЫЗ-ТҮРК «МАНАС» УНИВЕРСИТЕТИНИН
2022-2023-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН  ПРОФЕССОРДУК-ОКУТУУЧУЛУК КУРАМДЫ 
КАБЫЛ АЛУУ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУСУ
Факультети  Бөлүмү/Программасы Ваканттык кызмат Бош кызмат ордунун саны Талаптар
Көркөм өнөр факультети Музыкалык өнөр бөлүмү профессор 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Музыка изилдөө тармагында илимий эмгектери жана академиялык тажрыйбасы болушу талап кылынат.
ага окутуучу 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Түрк дүйнөсүнүн музыкасын изилдөө тармагындагы илимий эмгектери болушу керек;
Чет тилин билүү талабы коюлбайт.
Экономика жана башкаруу факультети  Менеджмент бөлүмү доцент 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Колдонмо финансылык эконометрика, эл аралык колдонмо финансылык отчет даярдоо стандарттары, бизнес-чалгындоо жана бухгалтердик эсеп, финансы жана аудит тармактары боюнча аспирантура/докторантурада жана магистратурада сабак бере алуу;
Академиялык тажрыйбасы жана илимий эмгектери болушу керек.
Эл аралык мамилелер бөлүмү профессор 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Тышкы түрк саясаты, түрк-америка мамилелери жана Кипр маселеси боюнча илимий эмгектеринин болушу талап кылынат.
доценттин милдетин аткаруучу 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Укук тармагында бакалавр жана магистратура диплому болушу керек, 
Эл аралык укук тармактарында илимий эмгектеринин болушу талап кылынат.
Теология факультети Ислам таануу бөлүмү доценттин милдетин аткаруучу 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Ислам укугу тармагында илимдин кандидаты/доктору болушу талап кылынат;
Ислам укук методологиясы багытында жарыяланган илимий эмгектери болушу керек.
илимдин кандитаты, ага окутуучу 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Тафсир тармагында илимдин кандидаты/доктору болушу талап кылынат;
Имам Матуруди жана Кыраат тармактарында илимий эмгектери болушу керек;
Чет тилин билүү талабы коюлбайт.
Туризм факультети Туризм жана мейманкана иштетүү бөлүмү доценттин милдетин аткаруучу 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Туризм жана мейманкана иштетүү тармагында бакалавр, туризм менеджменти тармагында илимдин кандидаты/доктору болушу талап кылынат.
Мейманкана, эс алуу жана гастрономия иштери боюнча илимий эмгектери болушу керек.
Айыл чарба факультети  Мөмө-жемиш жана талаа өсүмдүктөрү бөлүмү доценттин милдетин аткаруучу 1 Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин тийиштүү нускамасынын талаптарына жооп бериши керек;
Талаа өсүмдүктөрү тармагында илимдин кандидаты/доктору болушу талап кылынат;
Май өсүмдүктөрү тармагында молекулярдык изилдөөлөрдү (TRAP маркер) жүргүзгөн талапкер болушу керек.

Арыздар кулактандыруу чыккан күндөн тарта 15 (он беш) күндүн ичинде КТМУнун кадрлар башкармалыгында кабыл алынат. Электрондук дарек же почта аркылуу жиберилген арыздар белгиленген мөөнөттөн кечигип келген учурда Кадрлар башкармалыгы жооптуу болбойт. Арыздарды кабыл алуу учурунда Кыргызстандын жергиликтүү иш убактысы эске алынат. Конкурстун жыйынтыгын кадрлар башкармалыгынан сурап билсеңиз болот.
Талап кылынган документтер:
Профессор окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз*, өмүр баян, профессор/доцент/илимдин кандидаты/доктору, ага окутуучу сымал наамын, илимдин кандидаты/доктору окумуштуулук даражасын, бакалавр билимин тастыктаган дипломдор жана алардын эквиваленттүүлүгүн күбөлөндүргөн документтер, жарыяланган илимий эмгектеринин тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Ага окутуучу кызмат орду үчүн: Арыз*, өмүр баян, аспирантура/магистратура/бакалавр билимин алгандыгын тастыктаган дипломдор жана алардын эквиваленттүүлүгүн күбөлөндүргөн документтер, жарыяланган илимий эмгектеринин тизмеси, паспорттун көчүрмөсү, 1 даана сүрөт, соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
Дареги: Кыргыз-Түрк «Манас» университети, Жал кичи району 30/42, Ч. Айтматов атындагы студенттик шаарчасы, ректораттын имараты, кадрлар башкармалыгы (112-каб.).
Электрондук дарек:  bilgi.personel@manas.edu.kg (арызды бул электрондук дарекке жиберсеңиз болот).
Байланыш телефондору: 00996 (0312) 49 27 81-82 факс: 0096 (312) 54 19 35 
Эскертүү: Талапкерлердин документтери университеттин Окутуучуларды пландаштыруу, камсыз кылуу жана тандоо комиссиясы тарабынан «КТМУга ишке алына турган ага окутуучу, окутуучу жана адистерди тандоо жана дайындоо жөнүндө жобосунун» (http://manas.edu.kg/index.php/tr/ktmu-emevzuat) негизинде каралат. Ваканттык орундарга талапкерлердин мекенинин мамлекеттик жана/же расмий тили чет тили деп эсептелбейт.                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                * Арыздын үлгүсүн (http://manas.edu.kg/index.php/dokumanlar) дарегинен алсаңыз болот.

 

 
    Социалдык медиада бөлүшүү